Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутатардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 20- сессиясынын

 

 

2023-жылдын 10-апрели № 20-02

 

 Көк-Бел айылынын тургуну А.К.Абдиллаевдин арызы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айылынын калкынын автоунааларынын сапаттуу тейлөөнүүсүн камсыз кылуу максатында айыл тургуну А.К.Абдиллаевдин арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айылынын тургуну А.Абдиллаевге кичи ишкана -автоунаалардын майын алмаштыруучу жайын ачуу үчүн 0,04га жер ажыратып берүүгө уруксат берилсин.

2. Ажыратылган жердин чек араларын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин.

3. Кичи ишканага тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы А.Абдиллаевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

    Төрага

А.Ашимов