АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 23-январы №4-2
“Ат-Башы айыл аймагынын айыл башчылары жөнүндөгү” жобону
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы “Айыл башчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 687 Токтомунун 1-пунктуна ылайык жобонун долбоорун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ат-Башы айыл аймагынын айыл башчылары жөнүндөгү” жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (1-тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
кезексиз IV сессиясынын
23-январь 2025-жылдагы
№4-2 токтомуна 1-тиркеме
“Ат-Башы айыл аймагынын айыл башчылары жөнүндө” жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөттөрүндө эмгек келишиминин негизинде иштеген айыл башчысынын кызмат орду айыл аймагынын административдик борборунан обочо жайгашкан Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айылдарында киргизилиши мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54,55-беренелерине ылайык түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде айыл башчысы белгиленген мөөнөткө (5жылдан ашпаган) жалданат.
3. Айыл башчысынын кызмат ордуна жалданган адам Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана эмгек келишиминин шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бошотулат.
4. Айыл башчысына эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Айыл башчысына квалификациялык
талаптар жана критерийлер
5. Айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) 18 жаштан жаш эмес жана 70 жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
2) жалпы орто билимден же баштапкы кесиптик билимден төмөн эмес билими бар;
3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билет;
4) компьютердик техникалык каражаттарды эркин пайдалана алат;
5) кызматташууга жөндөмдүүлүк (өз ара колдоо, түшүнүү, өз ара жардам берүү), уюштуруучулук жөндөмдүүлүк (артыкчылыктарды так аныктоо, командада иштей билүү, адамдар менен натыйжалуу баарлаша билүү), сабырдуулук (толеранттуулук) сыяктуу инсандык сапаттары бар.
Эскертүү. Талапкердин ушул абзацта көрсөтүлгөн инсандык сапаттары бар экендиги айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аңгемелешүү жолу менен аныкталат.
6. Төмөндөгү адамдар айыл башчысы кызмат ордун ээлей албайт:
1) жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп саналган;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматта тургандар;
3) соттуулугу бар;
4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган.
3-глава. Айыл башчысынын милдеттери жана
ыйгарым укуктары
7. Айыл башчыларына жүктөлгөн негизги милдеттер жана функциялар:
1) Тиешелүү айылдардын чегинде тазалыкты камсыз кылуу (турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу), коомдук тартипти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү коомчулук тарабынан мыйзам чегинде расмий белгиленген эрежелерди сактоону уюштуруу;
2) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
3) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөө иш-чараларын өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөктөшүү;
4) айылда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилигинде ишке ашыруу үчүн өз демилгеси менен түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ишин (турак жай комплекстери, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттардын кеңештери жана комитеттери формасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка формаларда) уюштуруу, активдештирүү жана координациялоо;
5) коомдук уюмдар менен кызматташуу.
Айыл башчысына жүктөлгөн милдеттер түзүлгөн эмгек келишиминде көрсөтүлөт.