Редакцияот 13.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 13-декабры ПЖ № 339

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жөнөтүлгөн Рыбалкина Антонина Дмитриевна курагынын чегине жеткендигине байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2023-жылдын 13-декабрынан тартып бошотулду деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров