Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 16-мартындагы № 3/6

 

Ак-Моюн айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюу тартибин бекитүү жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Ак-Моюн айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюуда Ак-Моюн айылында 1 гектардан 5 гектарга чейин лотко бөлүнүп, Бирлик айылында 1 гектардан ашпай лотко бөлүнүп аукционго коюлсун.

 

2. Айылдын жээгинде айыл чарба багытындагы жерлер такталып, айыл өкмөтүн менен аукционго коюлуп элге ижарага берилсин жана жайыт жерлерин тосуп алынган жерлердин тосулган зымдары алынсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев