Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы  №4-4

 

Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

                                                                                        

             Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча  башкы адиси А. Каленовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

                     

1.    Ак-Жар айылынын “Өмүракун Ата” паркынын түндүк тарабындагы бош жаткан муниципалдык жер аянтынан 120 орундуу бала бакча куруу үчүн 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин;

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

У. Мелис уулу