Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 16-мартындагы № 3/2

 

Ак-Моюн айыл аймагында жайыт акылардын баалары жана көчүп конуунун тартибин бекитүү жөнүндө

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Ак-Моюн айылында жайыт акылардын баалары жана көчүп конуу тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

1)    Мал баккан малчыларды ички жана ортонку жайытка көчүүсү 1-майдан калбай жана алыскы жайытка, жаздоого көчүүсү 15-майдан калбай көчүрүлсүн.

2)    Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.

3)    Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын.

4)    Жайыт акы төлөмдөрү мал баккан малчыдан (жайыт пайдалануучудан) майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 70 сомдон төлөнсүн.

5)    Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 40 сом, бодо малга 200 сом, кулун музоого 140 сом жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал баккан малчыдан өндүрүлсүн.

6)    1-октябрдан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар көчүп келсин. Эгерде эрте көчүп келген малчылар бузуулар кодекси менен айып пул салынаары эскертилсин.

7)    Токой чарбанын жерине жана башка айыл өкмөттөрдүн жайыт жерлерине жайлаган малчылардын малына жайыт акы 50% Ак-Моюн жайыт комитетине төлөнсүн.

8)    Алыскы жайытка көчүп-конууда Беш-Белчер участкасына малчыларга мал жандыктарын бир айга токой чарбасынын жерине жаюуга уруксат берүү боюнча Ат-Башы токой чарбасынан суралсын жана жайыт акысы жайытка жайлаган күнүнө эсептелип алынсын.

9)    Ак-Моюн айыл аймагында мал багуунун, айдап-себүүнүн, оруп-жыйноонун баалары 2022-жылдагы үч жылга бекитилген бойдон калтырылсын.

 

2. Бул токтомду аткаруу жагын, Ак-Моюн жайыт комитетинин төрагасы У.Ыбышовго тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев