Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы  №4-6

 

“Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу  контейнер орнотууга, электромобилдерди  заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн курууга макулдук берүү жөнүндө

                                                                                        

“Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу контейнер орнотууга, электромобилдерди заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн куруугамакулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча  адистери А. Каленовдун, Т.Кудайбергеновдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

                    

1.   “Сары-Гоо” участкасындагы жайыт жерине көчмө май куюучу  контейнер орнотууга, электромобилдерди  заряддоочу жай, жеңил конструкция тибинде ашкана, дүкөн куруу боюнча тийиштүү материалдары толук болбогондугуна байланыштуу бул маселе айылдык кенештин курулуш, траспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилсин;

2.     Жогорудагы маселе боюнча тийиштүү материалдарын толуктап, комиссиянын отурумунан карап, токтомдун долбоорун даярдоо жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Тѳрага

У. Мелис уулу