Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы  №4-7

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

2024-жылдын 20-декабрындагы №2-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентине ылайык айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча депутаттардын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндөгү” №2-2 токтомуна  төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1)    Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан“Комиссиянын төрайымынын орун басары:” деген сөздөрдөн кийин  “Муканмет уулу Анарбек;”деген сөздөр алынып салынып, ордуна “Жумалы уулу Максат” деген сөздөр менен толукталсын;

2)    Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “Комиссиянын төрагасы:” деген сөздөрдөн кийин “Жумалы уулу Максат;” деген сөздөр алынып салынып, ордуна “Муканмет уулу Анарбек;”деген сөздөр менен толукталсын;  

Тѳрага

У. Мелис уулу