Редакцияот 23.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10-сессиясынын 7-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 23-сентябрындагы № 10/2

 

2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын мукаждыка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүп, кайра бөлүү жөнүндө

 

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 1110 400 (Бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом акча каражаттарын төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн.

1) “Тамчы-Булак” балдар бакчасына тамак-аш үчүн - 110 000 сом.

2) “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына тамак-аш үчүн - 125 000.

3) Айыл өкмөтүнө башка чыгымдарга - 25 000 сом.

4) Интернет байланыш үчүн - 59 000 сом.

5) Айыл өкмөт кызматкерлеринен эки кызматкерди мамлекеттик сатып алуулардан окутууга - 11 000 сом

6) Айыл өкмөтүнө, үч социалдык объектиге смета чийдирүүгө - 100 000 сом.

7) А.Койчуманов орто мектебине генератор алууга кошумча – 30 000 сом.

8) Айыл чарба маселесине чарбалык жумуштарга ГСМ алууга - 10 400 сом.

9) Концелярдык товар алууга – 40 000 сом.

10) Айыл аймагын жакшыртууга өздүк салым үчүн – 600 000 сом.

 

Баары: 1 110 400 (Бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Акматбековага тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев