Редакцияот 27.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 27-июнундагы № 6/3

 

Жаздоо, кыштоого көчүп-конуунун убактысын бекитүү жөнүндө

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Ак-Моюн айыл аймагында жаздоо, кыштоого көчүп-конуу 1-майда жаздоого, кайра кыштоого 1-октябрда көчүрүлсүн.

 

2. Өз убагында көчүрүлбөгөн бодо малдын башына 500 сом, майда малдын башына 100 сомдон күнүнө айып пул төлөнсүн.

3. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн жайыт комитетинин төрагасы У.Ыбышовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Ж.Алыбаев