Редакцияот 17.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 17-октябры ПЖ № 261

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

 

Геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле "Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу:

 

сыйлансын:

III даражадагы "Манас" ордени менен

Баетов Аяз Батыркулович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

"Даңк" медалы менен:

Гильфанов Ильдар Вазифович

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;

Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

ыйгарылсын:

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам

Ибраев Марат Айылчиевичке

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси;

"Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам

Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичке

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Айтакунов Сагалы Ногойбаевич

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун өндүрүш участогунун начальниги;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты;

Алчинов Улан Догдурбаевич

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун жеңил транспортту оңдоочу устаканасынын автомобилдерди оңдоо боюнча слесары;

Арзыбаев Ныязбек Ирашевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты;

Асанакунова Айнур Саламатовна

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун щелочтон тазалоо участогунун улук аппаратчиги;

Асиев Мирбек Асанбекович

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун бургулоо-жардыруу иштери боюнча бургулоо орнотмосунун машинисти;

Долматов Дмитрий Анатольевич

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун вице-президенти;

Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты;

Зубрицкая Надежда Петровна

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн геологу;

Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич

-

пенсионер;

Кекиликов Темирбек Качкынбекович

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун инженердик-геологиялык бөлүмүнүн менеджери;

Кутубаев Замирбек Райымкулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы;

Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы;

Садыков Кеңешбек Кадырович

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун карьерди суусуздандыруу жана кургатуу кызматынын устасы;

Турдубеков Марат Ажибаевич

-

"Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коомунун жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча вахта автомобилинин айдоочусу;

Шарапов Закир Эшматович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты;

Эсенаманов Замирбек Садыбакасович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров