Редакцияот 24.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин кезексиз алтынчы сессиясынын (5-шайланган) жыйналышынын

 

2023-жылдын 24-октябры № 6/1

 

Кеңеш айыл аймагында улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү максатында ат майданына жер участогун бөлүп берүү жана ал ат майданга Такабаев Нурдин Рамазановичдин атын койуу жөнүндө

 

Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл Аңгел тилкесиндеги Коргондун алдынан 1,80 га жер тилкесин улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү жана жаштардын демилгесин колдоо максатында ат майданына Тай казан куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө жана ат майданга Такабаев Нурдин Рамазановичдин Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алтынчы сессиясынын (5-чакырылыштагы) жыйналышы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл Аңгел тилкесиндеги Коргондун алдындагы 1,80 га жер аянттын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

  2. Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл Аңгел тилкесиндеги Коргондун алдындагы ат майданга Такабаев Нурдин Рамазановичтин ысымы ыйгарылсын.

3. Тай казан куруу жана ат майдандагы шаймандарды, аянттарды жыл сайын оңдоп-түздөп туруу жагы Такабаев Тагдырбек Нурдиновичке жүктөлсүн.

  4. Ат майданга тиешелүү жер тилкесин бөлүп берүү жана тийиштүү документтерин даярдап, аткарууга алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адиси М.Турдуевге милдеттендирилсин.

  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу, курулуш транспорт, өнөр жай, соода ишмердүүлүк байланышы, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кыдырбеков Мамажусуп Сарыковичке тапшырылсын.                        

Төрага

Д. Токторов