Редакцияот 24.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун

 

2023-жылдын 24-октябры № 6/4

 

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина) калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа районун Кенеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина ) калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлдүрүү боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагындагы “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан сордуруучу 2 даана суу насосун (скважина) калыбына келтирүүүчүн өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 660 219 (алты жүз алтымыш миң эки жүз он тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагынын “Аткелтир” участкасындагы эгин талаасына “Тар” дарыясынан жер астынан соордуруучу 2 дааннасуу насосун (скважина) калыбына келтир учун өздук салым катары айыл аймагындагы тургундары тарабынан 200 000 ( эки жүз) миң сом акча каражаты чогултулуп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Токторов