ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ 26-CЕССИЯСЫ
2023-жылдын 05-октябрындагы № 51
Түгөл-Сай айыл аймагы боюнча биринчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган 2023жылдын 15-декабрында өтүүчү экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеӊештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Түгөл-Сай айылдык Кенешинин 26-кезексиз сессиясы, токтом кылат:
1. Түгөл-Сай айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 адамдан түзүлсүн;
2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Түгөл-Сай айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Ишенбек уулу Жолдошбек |
| Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №1 тиркеме |
Түгөл-Сай айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери
1. Эпкин участкасы (Осмонкожо,Шакир,Боргемик,Карагул көчөлөрү кирет);
2. Ой участогу(Эпкин) (Ой,КөлбайУзун-Булак участкалары кирет);
3. Түгөл-Сай участкасы (Ө.Балкыяев,А.Кадырова,Манас,Н.Сапаралиев көчөлөрү кирет);
4. Түгөл-Сай Ак-Кыштак участкасы (Т.Бакиров,Т.Бараков,Э.ажыкеев,З.термечиков көчөлөрү кирет);
5. Мектеп участкасы (А.Садырбаев,Желе добо участкасы К.Абакирова,Т.Жээналиев көчөлөрү кирет);
6. Кара-Там участкасы (Г.Дөөлөталиева,С.Көкбалаев,Ж.Жаңыбаев,Э.Абдраимова көчөсүнүн жогорку бөлүгү жана Р.Солтонбеков көчөсүнүн жогорку бөлүгү кирет);
7. Таш-Дөбө айылынын Алкым участкасы (Жумакулов, Молдобеков ,Бийсеев Акмат Бөрүбаев көчөлөрү кирет).,
8. Куу секи участкасы(Таш-Дөбө- А.Тезекбаев,К.Бекмуратов,А.Сулайманов,Ж.Түксариев,Шамбеталы көчөлөрү кирет)
Жооптуу катчы: | Абыласан кызы Айзат |
| Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №2 тиркеме |
Жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери
№ | Жыйындарды өткөрүү орду жана датасы | Ѳткөрүү убактысы | Делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери | жооптуулар |
1 | Н.Сапаралиев көчөсүндөгү Өмүргазы Балкыяевдин үйүнүн жанындагы аянтта Т.Бараков ,Т.Бакиров көчөсү М.Бараковдун үйүнүн жанындагы аянтта | 16.10.2023-ж Саат 10-00 дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
2 | А.Садырбаев көчөсү Алиев Батыркулдун үйүнүн жанындагы аянтта | 17.10.2023-ж Саат 15-00 дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
3 | Кара Там участкасы Ж.Жаныбаев көчөсү С.Танашовдун үйүнүн жанындагы аянтта | 18.10.2023-ж Саат 10-00 дө Саат 15-00 дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
4 | Таш-Дөбө айылы Таш-Дөбө орто мектебинин жанындагы аянтта | 18.10.2023-ж Саат 10-00дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
5 | Таш-Дөбө айылында Качкынов Батталдын үйүнүн жанында | 18.10.2023-ж Саат 10-00дө | 6 делегат 4 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
6 | Дуулатов Баатыр көчөсү Курманов Рысбектин үйүнүн жанындагы аянтта | 18.1.2023-ж Саат 10-00дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
7 | Эпкин айылы А.Сатыбалдиевдин үйүнүн жанындагы аянтта | 19.10.2023-ж Саат 10-00дө | 6 делегат 4 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
Жооптуу катчы: | Абыласан кызы Айзат |
| Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №3 тиркеме |
Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси:
1.Э.Курманалиева-Эпкин участкасы боюнча жооптуу;
2.М.Батыркул уулу-А.Садырбаев участкасына жооптуу
3.К.Асанбеков-Ортонку айылга жооптуу
4.Бейшен уулу бектен-Ортонку айылга жооптуу
5.А.Абдрашитова- Куу секи участкасына
6.Таалайбек уулу Турсунбек-Куу Секи участкасына жооптуу
7.Г.Мойнокова-Алкым участогуна жооптуу
Жооптуу катчы: | Абыласан кызы Айзат |
| Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 05.10.2023-жылдагы №51 токтомуна №4 тиркеме |
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
1. Ишенбек уулу Жолдошбек – Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Абыласан кызы Айзат – Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жумушчу топтун катчысы;
3. С.Тойгонбаева-социалдык кызматкер,аялдар кеңешинин төрайымы;
4. Жумгалбек уулу-Таш-Дөбө айылынын айыл башчысы;
5. Т.Жумабек уулу-Жаштар комитетинин мүчөсү;
6. К.Байбосунов-маданият үйүнүн башчысы;
7. Г.Көчкөнбаева-көркөм жетекчи;
Жооптуу катчы: | Абыласан кызы Айзат |