Редакцияот 17.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясынын

 

2023-жылдын 17-июлундагы № 44

 

“Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: "Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси;

-Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Түгөл-Сайского айылного аймака"

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: "Түгөл- Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Түгөл-Сайского айылного аймака"

2. Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3. Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги

болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району,Түгөл-Сай айылы, Жээналиев Токтосун көчөсү №23 болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат

 

 

Түгөл-Сай айылдык

кенешинин төрагасы

 

Ишенбек уулу Жолдошбек