ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 35
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Маданият үйүнө» маркум Рысалиев Бексултандын ысымын ыйгарып берүү жөнүндө
Түгөл-Сай айыл аймагынын тургуну, маркум Рысалиев Бексултандын, айыл аймактагы «Маданият үйүнө» сищирген көп жылдык эмгегин баалап, уулдары Рысалиев Рыскелди, Бексултан уулу Эсенгелдинин 2023-жылдын 16-февралындагы кайрылуу катын карап, Түгөл-Сай айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги 21- сессиясы токтом кылат:
1. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Маданият үйүнө» Рысалиев Бексултандын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабырбек уулу Калысбекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы |
| Ишенбек уулу Жолдошбек |