Редакцияот 20.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы

 

2023-жылдын 20-февралындагы № 36

 

Түгөл-Сай айыл аймагынына белгилүү манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун айкелин орнотууга ылайыктуу жерин карап берүү жөнүндө

Белгилүү манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдык мааракесине арналган иш чара планын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагына айкелин орнотууга ылайыктуу жерин карап берүү жагын милдеттендирүү максатында Түгөл-Сай айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги 21-сессиясы токтом кылат:

 

1. Белгилүү манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун Түгөл-Сай айыл аймагына айкелин орнотууга ылайыктуу жерин карап берүү жагын жер, турак-жай,өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Иманалиевге милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабырбек уулу Калысбекке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Түгөл-Сай айылдык

кенешинин төрагасы

 

Ишенбек уулу Жолдошбек