ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кенешинин (VIII-чакырылышынын) кезектүү 21-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 37
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдарга бюджетин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү, Түгөл-Сай айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси 6594,5 мин сомго, чыгашалар бөлүгү 6407,7 мин сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 9325,0 мин сом өлчөмүндө, анын ичинде:бюджеттик каражат 8840,0 мин сом, атайын каражат 485,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Салык кирешелеринин көлөмү 2417,0 мин сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 606,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин болжолдуу киреше-чыгаша бөлүгү 9999,0 мин сом, 2025-жылдагы бюджетинин болжолдуу киреше-чыгаша бөлүгү 10344,0мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабырбек уулу Калысбекке жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык кенешинин төрагасы |
| Ишенбек уулу Жолдошбек |