КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз алтынчы жыйналышынын (5-шайланган) отурумунун
2023-жылдын 24-октябры № 6/9
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин, мамлекеттик жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 сандуу токтому менен жактырылган жана 29-июнундагы №1997-Ш сандуу токтому менен бекитилген “айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби Тууралу” Типтүү жоболордун 21 жана 22 пунктарына ылайык, айыл чарба жерлерин, мамлекеттик жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө максатында Кеңеш айылдык округунун Кеңешинин сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кеңеш айылдык округунун Кеңешинин аймагында айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө төмөндөгүдөй жер комиссиясынын курамы түзүлсүн.
1. Токторов Дүйшөбек-№1-төрт мандаттуу “Пор” айылдык округунун
депутаты комиссиянын төрагасы
2. Кудайбердиева Жаннат- айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, комиссиянын
катчысы
МҮЧӨЛӨРҮ
3. Чымынов Эрмамат – Кеңеш айылынын айыл башчысы
4. Болтоев Абдыбакы – Пор айылынын айыл башчысы
5.Турдуев Маратбек – Жер боюнча адис
6.Шананов Абдылда – Кара-Кулжа райондук айыл чарба департаментинин өкүлү
7. Адан уулу Бек- Кирешелер боюнча башкы адис
8. Абдуллаева Ирисхон – №1 –төр мандаттуу “Пор” айылдык округунун
депутаты
9. Токоев Жумабек– Аксакалдар соту
10.Кыдырбеков Жусуп - №2 эки мандаттуу Кеңеш округунун депутаты жер
комиссиясы
2. Жер комиссиянын курамын бекитүү үчүн Кеңеш айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
3. Комиссиянын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык округунун Кеңешинин агрардык, Экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын
Төрага | Д. Токторов |