Редакцияот 25.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-январы № 31

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 31-декабрындагы № 823

"Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин виртуалдык активдерди

жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун

колдонулушун жокко чыгаруу тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун колдонулушу кабыл алынган күндөн тартып жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2025-жылдын 25-январында www.gov.kg/ru/npa/s/4618 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев