Редакцияот 01.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы

 

2022-жылдын 1-ноябрындагы № 17/36

Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу боюнча Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоорго өздүк салым берүү жөнүндө

Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу үчүн Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоор боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу боюнча долбоор Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2. Аталган долбоор боюнча иш алып баруу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси, демилгелүү топтун мүчөсү А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

3. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен аталган долбоорго өздүк салым катары 100 000 (бир жүз миң) сом бөлүп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Казиев