Редакцияот 13.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

 

2022-жылдын 13-октябрындагы № 16/34

 

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 12.10.2022-жылдагы №280 кайрылуу каты жөнүндө

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 12.10.2022-жылдагы №280 кайрылуу каты боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2022-жылга карата чогултулган бөлүгүнөн 100,0 миң сом акча каражатын Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн 2215 4100-бөлүмүнө жылдырууга макулдук берилсин.

 

2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн ушул токтомго ылайык план сурап берүү жагы Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Талантбек уулун тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Казиев