Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 26-майы № 12

 

“Жергиликтүү маанидеги меселени чечүү боюнча  функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык. Кара-Дарыяайыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча иш-чаралары жөнүндөгү сунушун угуп, Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” тизмеси. 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы камсыз кылсын.

3. Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 26-май айындагы № 12 токтому облустук Юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кара-Дарыя айылдык Кеӊешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров

 

 

Кара-Дарыя айылык кеңешинин

2023-жылдын 26.05.2023-жылдагы

№ 12 токтомуна

Тиркеме

Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү маселелерди чечүү боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын/функциянын/милдеттиин аталышы

Аткару үчүн жооптуу

1. Кызматтар

1

Көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү

Айыл өкмөтү

2

Коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү

Айыл өкмөтү

3

Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

Вет адис

4

Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү

Айыл өкмөтү

5

Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү

Айыл өкмөтү

6

Жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

 

Айыл өкмөтү

2. Функциялар

1

 Ички көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү

Айыл өкмөтү

2

Өрүк бак сейил багындагы бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салуу

Айыл өкмөтү

3

Ветеринардык адис аркылуумал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну айыл аймак ичинде түшүндурүү иштерин жүргүзүү жана көзөмөлгө алуу

Вет адис

4

 СПА менен сугат суу пайдалануучулар биргеликте иш алып баруу

Айыл өкмөтү

5

Эски суу башаатарын оңдоп түзөөдөн өткөрүү

Айыл өкмөтү

6

 

Айыл аймактагы өткөрүлгөн өткөрүлгөн маданий жана майрамдык спортук иш-чараларды өткөрүү

Айыл өкмөтү

3. Милдеттенмелер

1

Айыл аймактагы ички көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү

Айыл өкмөтү

2

 СПА менен сугат суу пайдалануучулар биргеликте иш алып барып иригация системасын жакшыртуу жана калкка суугат суусун өз убагыда жеткирүү

Айыл өкмөтү

3

жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, багыт берүү

Айыл өкмөтү