Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баетов айыл аймагынын айылдык Кенешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жылдын 27-декабрындагы №2/8

 

Баетов айыл аймагындагы “Таза аймак” муниципалдык ишканасына HOWO (автосамосвал) сатып алууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

     Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана ѳздүк салымдарды бѳлүп берүү жѳнүндѳ, Баетов айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Баетов айыл аймагындагы “Таза аймак” муниципалдык ишканасына HOWO (автосамосвал) сатып алууга 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп берилсин.

 

2. Долбоордун кийинки сатып алынган техниканын оңдоп-түзөө боюнча милдетин алуу Баетов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткарууга айыл ѳкмѳт башчысы Т.С.Сабыровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.

 

 

 Төрага:

 

Ч. Азимжанов