Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 26-майы № 15

 

“Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылындагы эски мончонун ордун “Окуу борборун” куруу үчүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”

 

 

Кара-Дарыя Чангыр-Таш айылындагы эски бузулуп кеткен мончонун ордуна “Окуу борборун” куруу үчүн Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылындагы Союз мезгилиндеги бузулуп кеткен эски мончонун 350 (үч жүз элүү) чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынып, “Окуу борборун” курууга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З.Егембердиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык Кеңештин катчысына жүктөлсүн.

 

  

Кара-Дарыя айылдык Кеӊешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров