НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 30-январы № 1.
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 27-январь 2022-жылдагы V чакырылыштагы кезектеги IХ сессиясынын №1 токтому менен кабыл алынган Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Жапаралиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Эсеналиев |
Нарын шаардык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Шаардык Кеңеши
2. Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Шаардык Кеңештин төрагасы жана орун басары
4. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары
6. Шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
7. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
8. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
12. Депутаттык фракциялар
13. Фракциялардын жетекчилиги
14. Фракциялардын укуктары
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
15. Шаардык Кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
16. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
17. Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
18. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
19. Сессиянын күн тартиби
20. Шаардык Кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
21. Депутаттык этика
22. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
23. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
24. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
25. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
26. Шаардык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
27. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
28. Жарыш сөз (талкуулоо)
29. Шаардык Кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
30. Добуш берүү жана анын түрлөрү
31. Эсептөө комиссиясынын иши
32. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
33. Шаардык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
34. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
35. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
36. Нарын шаардык Кеңешинин шаар тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
37. Нарын шаардык Кеңешинин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
38. Нарын шаардык Кеңешинин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
39. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
40. Нарын шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
41. Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы
42. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Нарын шаардык Кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Шаардык Кеңеш
1.1. Шаардык Кеңеш – шаардын тиешелүү аймагында жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, 31 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Шаардык Кеңеш (мындан ары – шаардык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде шаар калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Шаардык Кеңешинин сессиялары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Шаардык Кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Шаардык Кеңешинин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2. Нарын шаардык Кеңешинин ыйгарым укуктары
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Шаардык Кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү.
6) шаар мэриясынын иши жөнүндө мэрдин отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) шаардык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
11) шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
14) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
16) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
17) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
18) бюджетти, шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам шаар мэринин ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
19) шаар мэрине ишенбестик билдирүү;
20) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
21) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
22) шаар тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
24) шаардык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
26) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
27) шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында шаар мэриясы менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
28) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
29) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды шаар мэрине тапшыруу;
30) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
31) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Шаардык Кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Шаардык Кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу депутаттык фракцияга таандык. Ар бир депутаттык фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга сунушберүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 3 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин берген арызы боюнча маалыматты (А.А.А.) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
3.9.Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
1. бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
2. эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
3. экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
1. кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
2. эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
4. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Шаардык кеңештин төрагасы:
- шаардык Кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- шаардык Кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
- шаардык Кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
- шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- шаардык Кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- фракциялардын ишине көмөктөшөт;
- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңештин атынан чыгат;
- шаардык Кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- шаардык Кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал шаардык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары
5.1. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын 2 (эки) орун басары болот.
5.2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өз ишин коомдук башталышта аткарышат.
5.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары:
-шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-шаардык Кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттеринтөраганын орун басары аткарат, ошондой эле, төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат жана иштеген күндөрү үчүн 50 пайыздык өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет.
6. Шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары алардын жеке өтүнүчү,шарттары, ден соолугунун абалы, ошондой эле, алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу (арыз) жүзүндө кеңештин сессиясына кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басарлары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Шаардык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Шаардык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес депутаттын добушу менен, ал эми төраганын орун басарларынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.
7. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
.1. Шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, шаарда жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда шаардык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн жана
Шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы:5 депутаттан кем болбоого жана 7ден көп болбоого, ал эми, депутаттык фракциялардын шайлоонун жыйынтыгы менен депутаттык көп орундардына ээ болгон учурлары эске алынат жана ылайыкталып бөлүштүрүлөт.
7.5. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык кеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
7.10. шаардык Кещештин алдында төмөндөгүдөй аталыштагы 5 (беш) туруктуу комиссиялары тъзъл=т:
- Бюджет, финансы, экономика, ишкердъълък,инвестиция боюнча;
- Социалдык маселелер боюнча;
- Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейл==, архитектура-курулуш,отун энергетика, транспорт, экология боюнча;
- Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча;
- Мыйзамдуулук, укук тартиби, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы кър=шъъ боюнча.
7.11. Шаардык Кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укуктуу.
7.12. Убактылуу комиссиялар шаардык Кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
7.13. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
7.14. Убактылуу комиссияны түзүү шаардык кещештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
7.15. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу шаардык Кеңештин токтому менен бекилет.
7.16. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
7.17. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия шаардык Кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны шаардык Кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
7.18. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
- өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
-шаардык Кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
7.19. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыктар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
7.20. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
7.21. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7.22. Шаардык Кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.
8. Шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында шаардык Кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү шаардык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаар мэриясынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына жана шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларга ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, шаардык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, шаар мэринин катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
9.10. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына, ал эми, шаардык мэрия тарабынан киргизилген каттардын, кайрылуулардын көчүрмөлөрү менен туруктуу комиссиянын ар бир мүчөсүн камсыздоо Нарын шаардык мэриясына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мүмкүн.
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же аппарат кызматкери) аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын шаардык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) шаардык Кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга
12. Депутаттык фракциялар
12.1. Депутаттык фракция (мындан ары – фракция) — тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган шаардык Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.
12.2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жана фракциянын башка жетекчилери жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий макамга ээ болот.
12.3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат, мандат алган учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
12.4. Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
12.5. Фракция ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
12.6. Фракция алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн шаардык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу. Фракция кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү үчүн милдеттүү чечим кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте, өз мүчөлөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
12.7. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
12.8. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн өзү таратканда.
13. Фракциялардын жетекчилиги
13.1. Фракциянын жетекчисин ошол саясий партиядан шайланган депутаттар шайлаган лидер жетектейт.
13.2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
-шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
-фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
-фракциянын чечимдерине кол коёт;
-ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
-фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө (комиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;
-фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
-фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
-шаардык кеңештин жетекчилиги жана шаар мэриясы, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
-эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
-шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле, шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
-ушул Регламентке ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13.3. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарларынын кызмат орундарын ээлей албайт.
14. Фракциялардын укуктары
14.1. Фракция төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- шаардык Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
- төрагага шаардык кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- фракциянын өкүлү фракциянын атынан билдирүүлөрдү, баяндамаларды, кошумча баяндамаларды, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө;
- башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
- шаардык Кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын шайлоо, бошотуу, бекитүү, жактыруу, макулдук берүү, дайындоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
- фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
15. Шаардык Кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
15.1. Жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жооптуу катчы шаардык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт.
Биринчи сессияны даярдоону шаардык Кеңештин жооптуу катчысы жүргүзөт.
15.2. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы (мындан ары — катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
- жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
- жоопту катчынын байланыш телефондорун;
-сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
15.3. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү шаардык Кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
15.4. Шаардык Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
15.5. Төрагалык кылуучу шаардык Кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
15.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардык Кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
15.7. Шаардык Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
15.8. Жаңы чакырылыштагы шаардык Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
- төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
- төраганы жана анын орун басарын / орун басарларын шайлоо;
- шаардык Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.
15.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирээти сессиянын күн тартибинде аныкталат.
16. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
16.1. Шаардык Кеңеш, анын туруктуу комиссиялары жана фракциялары иш планын бир жылга түзөт. Шаардык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
16.2. Шаардык Кеңештин иш планы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, фракциялардын лидерлери, жооптуу катчысы менен бирдикте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша шаарда жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
16.3. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы шаардык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
16.4. Иш планга бир жыл аралыгында шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жана фракциялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
16.5. Шаардык Кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары шаардагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу шаар тургундарына маалымдалуусу шарт.
17. Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
17.1. Шаардык Кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
17.2. Шаардык Кеңештин сессиясы дептуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.
17.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15мүнөттөн кийин кворум болбосо, төрага 10мүнөткө тыныгуу (танапис) жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу, башка убакытка жылдырылат.
17.4. Шаардык Кеңештин сессиясын төрага чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзундөгү) демилгеси боюнча;
- шаар мэринин сунушу боюнча;
17.5. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
17.6. Шаардык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
17.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
17.8. Шаардык Кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, тийиштүү шаар тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
17.9. Шаардык Кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.
17.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
17.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
18. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
18.1. Кечиктирилгис маселелерди кароо үчүн шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же шаар мэринин, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
18.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.
18.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 5 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.
18.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана шаар тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
19. Сессиянын күн тартиби
19.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, шаар мэринин сунуштарынын негизинде сессия күнүнө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
19.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
19.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт
19.4. Эгерде шаардык Кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
19.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
19.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
19.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
20. Шаардык Кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
20.1. Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
- Кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
20.2. Шаардык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;
- регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;
- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
- сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.
20.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
20.4. Шаардык Кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
21. Депутаттык этика
21.1. Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
21.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.
21.3. Шаардык Кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
21.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.
21.5 Шаардык Кеңештин сессияларына, отурумдарына ж.б.чогулуштарына 4 жолу жүйөлүү себептерсиз катышпаган депутат шаардык Кеңештин сессиясында жарыя кылынып, тиешелүү чараларды көрүү боюнча маселе тиешелүү туруктуу комиссиянын кароосуна жиберилет. Ал эми, жүйолүү себептери чыккан учурда шаардык Кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө же оозеки билдирүү зарыл.
21.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
22. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
22.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
22.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
22.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш.
23. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
23.1. Шаар мэри ошондой эле шаардын аймагында иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
23.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
23.3. Шаардык Кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.
23.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Регламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.
23.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
24. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
24.1. Шаардык Кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат, айрым маселер боюнча Кенештин чечимдери жалпы депутаттардын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) - кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
24.2 Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары - токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Шаардык Кеңештин токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана токтомдун долбоору коомдук талкуулоо үчүн 1 (бир) айдан кем эмес мөөнөткө Нарын шаардык Кеңешинин веб-сайтына жарыялануусу зарыл.
2) Шаардык Кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
24.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
- Шаардык Кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
24.4. Шаардык Кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн шаардык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
24.5. Шаардык Кеңештин чечимдери (буйрук, тескеме) алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
24.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин токтомдору шаардын аймагында жашаган бардык жарандар, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
24.7. Шаардык Кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
25. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
25.1. Шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана шаардык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;
- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
25.2. Шаардык Кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат.
Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана шаардык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу шаардык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
25.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.