Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна)
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо токой жайгаштыруунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт.
2. Токой жайгаштыруу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо ишке ашырылат.
3. Токой жайгаштыруу токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруучу уюму (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан келишимдин негизинде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
4. Токой жайгаштырууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо инвентаризация жүргүзүлөт.
Токой жайгаштыруу материалдарынын негизинде токой мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык баалуулугу аз жерлерди кыйла баалуу жерлерге которуу ишке ашырылат.
5. Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) автордук көзөмөл - токой чарбасынын ишин жөнгө салуучу токой жайгаштыруу долбоорлорунун ишке ашырылышына ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү контроль;
2) долбоордун автору - токой жайгаштыруу жумуштарынын бүткүл циклинин жетекчиси;
3) саздар - мүнөздүү өсүмдүктөрү жана топурактын өзгөчө саздак түрү менен ашыкча же салыштырмалуу аккан нымдуу участокторду түзгөн токойсуз жерлер;
4) жүзүмзарлар - жүзүм өстүрүлгөн токойсуз жерлер;
5) пландан тышкары токой жайгаштыруу - юридикалык жана жеке жактардын арызы боюнча пландуу токой жайгаштырууда пландалбаган токой жайгаштыруу;
6) суулар - мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аймагында жайгашкан дарыяларды, өзөндөрдү, каналдарды, көлмөлөрдү бириктирген токойлуу эмес жерлердин категориясына кирет;
7) бөлүндү - токойлордун, мамлекеттик токой фондунун жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлердеги токойлордун минималдуу чарбалык бирдиги, токой кварталынын бөлүгү;
8) кыйылган жерлер - дарактары кыйылган, ал эми жаш дарактары жабык чатырын түзө элек токой аянты;
9) өрттөлгөн аймактар - токой капталбаган жерлер жана анын ичинде анын өсүшү токтогонго чейин өрттөн жабыркаган токой аянттары;
10) геодезиялык материалдар - карталарды түзүү жана кеңдиги, узундугу жана абсолюттук бийиктиги боюнча картадагы объекттердин абалын аныктоо үчүн геодезиялык сүрөткө тартуулардын натыйжасында алынган материалдар;
11) чек ара мамылары - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин тышкы чек араларында орнотулуучу натуралдык токой жайгаштыруу белгиси;
12) токойдун деградациясы - антропогендик же табигый факторлордун таасири астында токой дарактарынын жашоо жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу жана жок болушу. Токойдун деградациясы бак-дарактардын жашоо абалынын төмөндөшүнөн жана бак-дарактардын куурап калышынан, чырпыктардын соолуп калышынан, биологиялык өндүрүмдүүлүктүн азайышынан, токой экологиялык системаларынын түзүмүнүн жөнөкөйлөшүнөн жана түрлөрүнүн азайышынан билинет;
13) жолдор - мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы жана токой чарба багытындагы жолдордун бардык түрлөрүн бириктирген токойсуз жерлер;
14) дарак, бадал өсүмдүктөрү - токойду түзүүчү жана токой өсүмдүктөрүнүн негизги компонентинин дарак катмарынын жер үстүндөгү бөлүгү болуп саналган дарактардын, дарак өсүмдүктөрүнүн жыйындысы;
15) табигый кайра жаралуу (токойдун калыбына келиши) - токой түркүмдөрүндөгү дарак өсүмдүктөрүнүн муундарынын үзгүлтүксүз алмашуу процесси, ошондой эле токой өсүмдүктөрүнүн алар мурда өскөн жана табигый же анторопогендик факторлордун натыйжасында жок кылынган аймактарда өсүүсү жана калыптануусу;
16) токойду инвентаризациялоо - бак-дарактардын жана токойдун айрым участокторун баяндап жазуу жана картага түшүрүү боюнча иштердин комплекси;
17) токой дарактарынын запасы - токой бадалдарынын бардык түрлөрүнүн нымдуу өскөн сабагынын көлөмү;
18) шагыл-таштуу тоо тектери - суу, шамал эрозиясы, селдин агымы жана дарыя чөкмөлөрүнүн натыйжасында пайда болгон ири таштардын жыйындысы болгон токойсуз жерлер;
19) картографиялык материалдар - токойлордун масштабы, алардын максаттуу арналышына жараша топографиялык же атайын жүктөмдөрү боюнча айырмалануучу толук мүнөздөмөсүн чагылдыруучу картографиялык материалдар;
20) квартал - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордун жер участогу, туруктуу эсепке алынуучу жана чарбалык бирдик;
21) кварталдык тармак - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлордо түзүлүүчү кварталдардын системасы;
22) кварталдык мамы - кварталдык чек аралар кесилүүчү жерлерде орнотулуучу натуралдык токой жайгаштыруу белгиси;
23) тик капталдар - токой өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнө шарттары жок, жантайынкылыгы 36 градустан тик жайгашкан токой өсүмдүктөрү жок тоо капталдары;
24) бадалдар - кыртыштын үстүндө жайыла бутактаган жана жетилген абалында да башкы сөңгөгү болбогон, көп жылдык жыгач өсүмдүгү;
25) мөңгү - оордук күчүнүн таасири астында жылмышуу кыймылы мүнөздүү агымга дуушар болгон жана агымдын, агымдар системасынын, куполдун (калкандын) же калкып жүрүүчү плитанын формасын алган, негизинен атмосфералык таасирден келип чыккан муз катмары;
26) токой - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлеринде өсүүчү, минималдуу аянты 0,2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 метр болгон, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, дарактарынын минималдуу бийиктиги 1,9 метр (бадалдардыкы - 0,5 метр) болгон дарак-бадал өсүмдүктөрү;
27) токой өсүмдүктөрү - жыгач, бадал, жыгач эмес өсүмдүктөрдүн жана тирүү жер кыртышынын жыйындысы;
28) токой өсүмдүктөрү - токой бак-дарактарынын дарактуу жана бадалдуу түрлөрүн себүү же отургузуу аркылуу жасалма жол менен түзүлгөн токойлор;
29) токой пайдалануу - Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде каралган чектөөлөрдү кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категорияларындагы жерлеринде жайгашкан токойлорду пайдалануунун Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде уруксат берилген түрлөрү;
30) токой чарбасы менен байланышкан токой пайдалануу - бул дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо, ошондой эле экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүрлөрдү, кабыктарды жана башкаларды) даярдоо, токойду илимий-изилдөө максатында, ошондой эле аңчылык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу, токой кыюу жана жыгач даярдоо, плантацияларды түзүү, токой ресурстарын кайра өндүрүү;
31) токой жайгаштыруу объекти (жайгаштырылуучу объект) - чектеринде токой жайгаштыруу иштеринин бүткүл цикли ишке ашырылган мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери жана жер фондунун башка категорияларынын жерлеринде жайгашкан токойлор;
32) токой жайгаштыруу планшети - кварталдардын тобунун планын камтыган пландуу-картографиялык токой жайгаштыруу материалдарынын баштапкы документи;
33) токой жайгаштыруу долбоору - токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча жайгаштырылуучу объектке ревизиялык мезгилге карата иштелип чыгуучу документтердин пакети;
34) токой жайгаштыруу кеңешмелери - токой жайгаштыруу иштерин уюштуруу, аларды аткаруунун өзгөчөлүктөрүн ар тараптуу талкуулоо максатында өткөрүлүүчү кеңешмелер;
35) жаш токой - таажылары жыш боло элек токой;
36) жетиле элек токой өсүмдүктөрү - таажыларынын жыштыгы ченемдик даражага жете элек жасалма түрдө калыбына келтирилген жана өстүрүлгөн токой участоктору;
37) бөлүндүлөрдү баалоо - зарыл болгон токой чарбалык иш-чараларды пландоо менен бөлүндүлөрдүн учурдагы абалын талаа шарттарында сүрөттөө;
38) сугат айдоолор - сугат үчүн жарактуу, сугат булагы менен байланышкан туруктуу же убактылуу сугат тармагы бар, суу ресурстары оптималдуу мөөнөттөрдө бул жерлерди 75% дан кем эмес суу агымы менен сугарууну камсыз кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилүүчү жана пайдаланылуучу, анын ичинде көп жылдык чөптөр жана таза жерлер токойсуз жерлерге кирет;
39) кайрак айдоолор - сугат үчүн жараксыз, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилүүчү жана пайдаланылуучу, анын ичинде көп жылдык чөптөр жана таза жерлер токойсуз жерлерге кирет;
40) токой өсүмдүктөрүн которуу - өсүүсү жана абалы боюнча белгилүү сапаттык көрсөткүчтөргө жеткен токой өсүмдүктөрүнүн участогун токойлуу аянттын категориясына киргизүү;
41) кумдар - жыгач-бадал өсүмдүктөрү жок, кумдуу бети бар жер тилкелерин түзгөн токойсуз жерлер;
42) пландуу токой жайгаштыруу - тизмеси токой чарбасынын республикалык башкаруу органы тарабынан белгиленген объекттерге токой жайгаштыруу;
43) куурап калган бак-дарактар - антропогендик жана табийгый факторлордун, энтомологиялык жана фитопатологиялык зыянкечтердин, өнөр жайлык чыгындылардын, шамалдын жана бороондун жана чөйрөнүн башка терс таасиринин натыйжасында тамыры куурап калган дарактары менен токой участоктору;
44) түп токой - дарак өсүмдүктөрүнүн бийиктигине жете албаган токой катмарынын астындагы, бадалдар же дарактар;
45) жаш көчөт - бийиктиги бак-дарактын негизги катмарынын 1/4 бөлүгүнөн ашпаган токой катмарынын астындагы табигый тектүү жыгач өсүмдүктөрүнүн жаш мууну;
46) токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер;
47) токой каптаган аянттар - табигый жана жасалма (токой өсүмдүктөрү) өскөн дарактар же бадалдар ээлеген жерлер. Бак-дарактардын жана бадалдардын токой каптаган аянттарга таандыгынын негизги белгиси таажылардын жыштыгы болуп эсептелет, ал 10% жана андан жогору болууга тийиш;
48) басымдуулук кылган же негизги түр - жыгачтын запасынын чоң көлөмү менен жыгач же бадал түрү;
49) сыноо аянты - дарактарды, токой өсүмдүктөрүн, токойдун табигый жаңылануусун эсепке алуу жана башка өлчөө иштери жүргүзүлүүчү токой жерлеринин участогу;
50) ачык жерлер - дарак же бадал өсүмдүктөрү жок, токой менен капталбаган, бирок токой өсүмдүктөрүнүн элементтери сакталган жерлер;
51) долбоордук ведомосттор - токой жайгаштыруу долбоорунун курамына кирүүчү ведомосттор, анда алдыдагы ревизиялык мезгилге токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын долбоорлонуучу түрлөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен таксациялык бөлүнүштөр көрсөтүлөт;
52) башка жерлер - тик капталдарды, жалама аскаларды, шагыл-таштуу тоо тектерин, шагылдарды, шор топурактуу жерлерди, эшилме шагылдарды, жер көчкүлөрдү, электр берүү жана байланыш линияларынын жолдорун, өрткө каршы ажырымдарды, түтүк өткөргүчтөрдү камтыган токойсуз жерлер;
53) бош жер - он жылдан ашык токой өспөй дараксыз абалда турган өрттөнгөн же жапырт токой кыйылган жер тилкелерин камтыган токой баспаган жерлер;
54) ревизиялык мезгил - токой жайгаштыруу долбоору түзүлүүчү мөөнөт;
55) сейрек токойлор - токойлордун таажыларынын жыштыгы 10% дан төмөн, минималдуу тыгыздыгы 0,1 болгон токой баспаган жерлер;
56) бакчалар - жасалма мөмө дарактары жана бадалдары бар токойсуз жерлер;
57) чөп чабындылар - чөп чабуу үчүн пайдаланылуучу токойсуз жерлер;
58) жалама зоолор - тик же тик капталдары жана учтуу чокулары бар таштак тоо тектеринин жерлери болгон токойсуз жерлер;
59) таажы жыштыгы - таажылардын проекциясы камтылган аянттын (бир нече кабаттууларды эсепке албаганда) бак-дарактардын жаппы аянтына катышы;
60) бак-дарактардын туруктуулугу - бак-дарактардын тышкы жагымсыз факторлордун (кар, шамал ж.б.) таасирине туруктуулугу;
61) өсүү баскычы - дарактардын өсүү даражасы;
62) токойду таксациялоо - токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн эсепке алуу, баалоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси;
63) таксациялык материалдар - ар бир токой бөлүндүсүнүн мүнөздөмөсүн жана белгиленген чарбалык иш-чараларды камтыган кварталга түзүлүүчү ведомосттор;
64) токойдун тиби - токойдун өсүү шарттарынын жалпы түрү, дарак жана бадал түрлөрүнүн бирдей курамы, катмарларынын саны, окшош фаунасы менен мүнөздөлгөн, бирдей чарбалык шарттарда бирдей токой чарба иштерин талап кылган токой аянты же анын айкалышы;
65) чарбак-жайлар - токой чарбасын жүргүзүүгө жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын иштешине байланыштуу турак жана турак эмес курулуштар ээлеген жер участоктору (кордондор, кызматтык үлүштөр, өнөр жай жана администрациялык имараттар жана курулмалар, кампалар), ошондой эле калктуу конуштар, ден соолукту чыңдоочу жана рекреациялык мекемелер, кошарлар ж.б.