ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу №45
«Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” 30.06.2011-жылдагы № 62 мыйзамынын, БШКнын 06.11.2019-жылдагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына, 18.07.2024-жылдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жамааттардан жана мекеме, ишканалардын эмгек жамаатынан сунушталган талапкерлердин арыздары жана башка документтери депутатттар тарабынан каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, талапкерлер боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат
- Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган 9 (тогуз) талапкер Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын (сапаттык курамы тиркелет).
- Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(С.Наралиева) милдеттендирилсин
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, бир нускасын тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|