АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын 6-айында аткарылган иштерин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6-айында аткарылган киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча берилген айыл өкмөмүнүн маалыматы угулду.
2. Айыл өкмөтүнүн 6-айындагы бюджетинин киреше бөлүгү 50255800 (элүү млн эки жүз элүү беш миң сегиз жүз) сом, ал эми, чыгаша бөлүгү 48574400 (кырк сегиз млн беш жүз жетимиш бир миң төрт жүз) сом деп кабыл алынсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |