Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV  сессиясынын

 

2024-жылынын 26-июлу №48

 

«Токтогул шаарында “Беккари” чуңкурун, малдын өлүмтүгүн көмүүчү жай курууга 0,50 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Ветеринария жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.07.2024-жылдагы № 01-17/1137 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 17.07.2024-жылдагы жыйналышында каралып, талкууланган.

 

Туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаарынын аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо максатында, жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык, Кайрак участогунан 0,50 га жер аянтын (таштанды төгүүчү жайга жанаша жайгашкан жерден) “Беккари” чуңурчасын жана мал өлүмтүгүн көмүүчү жай куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарына ылайык, жер участогун которууга (трансформациялоого) тиешелүү документтери Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

                          М.Т. Борбугулов