Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 19/14

 

Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдарда малдын саны кѳбѳйгѳндүктѳн элдерге шарт түзүп берүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер турак жай боюнча башкы адиси С.Сыдыгалиевдин Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айылдарда малдын саны кѳбѳйгѳндүгүнѳ байланыштуу, мурдагы пайдаланып жүргѳн, жаздоо кыштоолордогу эски (землянка) короо-сарайлардын ордун мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы, Кара-Тоо, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы жаздоо кыштоолордогу эски (землянка) короо-сарайлардын ордун мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзамдаштырып, бүтүрүү жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Намазбек уулу