Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 19/12

 

Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылына таштанды тѳгүү үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ

Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылына таштанды төгү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын №8/2 токтому менен бекитилген «Кызыл Жар» учаскасынан таштанды төгүү үчүн 0,50га бөлүнгөн жерден эски мүрзөлөрдүн орду чыгып калгандыгына байланыштуу, башка жерден таштанды төгүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин дутутаты Дыйканов Бактыбектин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чекилдек айылына таштанды төгүү үчүн башка жерден жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамга ылайык сунушталган жер учаскасынан эски мүрзөлөрдүн орду чыгып калгандыгына байланыштуу, таштанды төгүү үчүн башка жер учаскасынан жерди аныктап берүү жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 

Б.Намазбек уулу