СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/11
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн 2023-2026-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Бемиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Исаков Азаматтын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын 2023-2026-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы бекитилсин.
2. Бекитилген социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү пландын аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн Инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Исаков Азаматка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |