СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/8
2023-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» 2013-жыл 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жөнүндө Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. 2023 - жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдарга, жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- кой-эчки – 20 (жыйырма) сом
- жылкы – 100 (жүз) сом
- уй, бука – 100 (жүз) сом
2. 2023 - жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- кой, эчки 40 (кырк) сом
- жылкы – 200 (эки жүз) сом
- уй – 200 (эки жүз) сом
3. 2023-жылга Семиз-Бел айыл аймагынын жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгө 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкөн жайыт акы кв. метрине 350 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишов жана жайыт комитетинин төрагасы Э.Эгинбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |