СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/7
Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренисинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Эгинбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы иш графигине ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |