Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 19/5

 

Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата жүргүзүлгɵн иштери жөнүндө

 

Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тɵрагасы Э.Эгинбаевдин 2022 -жылга карата аткарган иштери жɵнүндɵ башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата аткарган иштери жɵнүндɵ жайыт комитетинин тɵрагасы Э.Эгинбаевдин отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.

 

2. 2023-жылга карата малдын санын тактоо менен малдын башына жараша бюджетти бекитүү жана алыскы жайыттарды толук пайдалануу менен малчыларды график боюнча кɵчүрүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Намазбек уулу