СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/4
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгѳн иш планы менен таанышып жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бѳлүгүнүн 6-главасына ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгѳн иш планы, жалпы депутаттардын бир добуштан колдоосу менен бекитилди деп табылсын.
2. Бекитилген иш пландын аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Мүдүн кызы Мейилканга тапшырылгандыгы белгиленсин.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |