АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/4
Ала-Бука айылдык кенешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин Ала-Бука айыл аймагындагы жайыт жерлерин “Калктуу конуштардын жерлери” котегориясына которуу-трансформациялоого берилүүчү жерлердин өлчөмү туура эмес көрсөтүлүп калгандыгы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Акурча участогундагы 290га жайыт жери, Зыркоолот участогундагы 3,50 га жайыт жери жана Откорм участогудагы 8,20га жайыт жерлери бардыгы болуп 302 га жайыт жерлеринин максаттык багыттары "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга-трансформациялоого макулдук берилген Ала-Бука айылдык кенешинин 26-июль 2022-жылдагы №13/10 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Акурча участогундагы 259,65га жайыт жери, Зыркоолот участогундагы 3,50 га жайыт жери жана Откорм участогудагы 8,20га жайыт жерлери бардыгы болуп 271,35 га жайыт жерлеринин максаттык багыттары "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга-трансформациялоого макулдук берилсин деп белгиленсин.
3. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген токтомго тиешелүү болгон иш-кагаздарын тактоо, айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдге жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана өндүрүш, курулуш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |