АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/5
Ала-Бука айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 4-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу жарандардын ден-соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган төмөнкү жарандарга:
1) Ала-Бука айылынын тургуну Ш.Эргешовага -5000 (беш миң) сом;
2) Ала-Бука айылынын тургуну Н.Караевге -5000 (беш миң) сом;
3) Жаңы-Шаар участогунун тургуну У.Меймановага – 2000 (эки миң) сом;
4) Ала-Бука айылынын тургуну З.Раиббаевага – 5000 (беш миң) сом;
5) Ала-Бука айылынын тургуну Х.Айтиевге – 5000 (беш миң) сом;
6) Достук айылынын тургуну Нематжан кызы Гулнозага – 3000 (үч миң) сом;
7) Ала-Бука айылынын тургуну С.Гайназаровго – 2000 (эки миң) сом;
8) Кароол-Дөбө участогунун тургуну С.Баймырзаевге – 3000 (үч миң) сом;
9) Жаңы-Шаар участогунун тургуну П.Рысмамбетовага – 2000(эки миң) сом;
10) Достук айылынын тургуну Э.Абдумажитовага – 5000 (беш миң) сом;
11) Айыл аймагындагы жашоо шарты оор жана жарым жетим 10 (он) балага -50000 сом;
12) Ала-Бука айылынын тургуну Джоробекова Шакенге – 50000 (элүү миң) сом;
13) Сары-Талаа айылынын тургуну Д.Ботобековаларга– 5000 (беш миң) сом акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо, айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго жүктөлсүн.
3. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандардын турмуш-шарты менен жеринде танышуу айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |