Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/10

 

Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесин жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25–августундагы отурумунун корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Батыров Эркинге “Аксакалдар сотторунун” ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылсын.

2. Ажыратылган акча каражаты менен өз убагында камсыздоо, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.