Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/11

 

Акурча участогуна суу түтүктөрүн тартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

3. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Акурча участогуна элди суу менен камсыздоо үчүн суу түтүктөрүн тартып келүүгө керектелүүчү 3400000 (үч млн төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылсын.

4. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.