АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/12
“Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо жана ишинин туруктуулугун камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу “Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн №2268 Достук жана №2269 Новаи шайлоо округдарынын 3111-беренесине бөлүнгөн акча каражаттардын эсебинен 2512-беренсине 1714000 сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалыматтарды берүү, муниципалдык ишкананын жетекчиси Т.Турсуналиевдин жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |