АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/16
Убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин сунушун карап чыгып, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик фондунун” жерлерин пайдаланунун келечек планын иштеп чыгуу үчүн убактылуу депутаттык комиссия курамы түзүлсүн:
Убактылуу депутаттык комиссия курамынын төрайымы – Каухар Бейшекеева
Мүчөлөрү: Фархад Абдугафуров;
Дилшодбек Аскаралыев;
Гүлжан Жылкычыева;
Мыйзамбек уулу Ноен;
Н.Аскаров - айыл өкмөтүнүн орун басары;
Г.Атамкулова – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
К. Юлдашев- айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы
адиси;
А.Музаффаров – Ала-Бука айылынын айыл башчысы;
А.Ражаббаев - Достук айылынын айыл башчысы;
И.Дадаев – Сары-Талаа айылынын айыл башчысы.
2. “Мамалекеттик фондунун” келечек планын иштеп чыгуу, түзүлгөн убактылуу комиссия курамына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, бюджет маселелери боюнча туруктуу комитеттерине жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |