Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/21
Республикалык бюджеттен каржылануучу түрткү берүүчү (стимгрант) грантка сунушталуучу долбоорлор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы У.Сатыбалдиев көчөсүнө тротуар жана лоток орнотууга, Сары-Талаа айылына балдар ойноочу аянтча курууга жана Откорма участогуна баруучу жолго тротуар куруу үчүн Республикалык бюджеттен каржылануучу түрткү берүүчү (стимгрант) грантка долбоорлорду сунуштоого макулдук берилсин.
2. Курулмалардын долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо, айыл өкмөтүнүн курулуш бөлүмүнүн башкы адиси И.Юлдашевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |