Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2024-жылдын 27-декабрындагы  № 3-1

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;

2.            Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;

2. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.

№

Долбоордун аталышы

Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы

Долбоордун жалпы суммасы

1

“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруучу техника алуу

1 270 000

6 350 500

2

“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына манипулятор техникасын алуу

1 072 600

5 363 000

3

“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына суу себүүчү техникасын алуу

544 950

2 724 750

4

Ак-Жар айылында салынып жаткан спорт комплекстин курулуш ишин улантуу

8 200 000

40 750 000

 

ЖАЛПЫ:

11087550

55188250

Төрага

У. Мелис уулу