Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2024-жылдын 27-декабрындагы  № 3-2

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;

3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.

№

Долбоордун аталышы

Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы

Долбоордун жалпы суммасы

1

Ат-Башы айылындагы “Аттын башы” монументин реконструкциялоо

1 774 233,6

8 871 168

2

Микроавтобус алуу

 

500 000

3 000 000

 

ЖАЛПЫ:

2 274 233,6

11 871 168

Төрага

У. Мелис уулу