Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2024-жылдын 27-декабрындагы  № 3-3

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына  даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган “А. Керимбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу” долбоору жактырылып, бекитилсин;

 

2. “А. Керимбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу” долбоору үчүн 723900 (жети жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата  бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин;

3. Долбоорду тийиштүү тарапка тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.

Төрага

У. Мелис уулу