Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 28-ноябры № 1/1

Бириктирилген Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттардын төрагасын жана орун басарын шайлоо жыйынтыктары жөнүндө

   Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

1.              Эсептөө комиссиясынын шаардык/айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

2.              Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасы болуп Усупов Казыбек Сырымбетович   шайлангандыгы таанылсын.

3.              Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Оморов Белек Исмаилович дайындалсын.

4.              Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын

5.              Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

Төрага

К. Усупов