Редакцияот 02.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы

2024-жылдын 2-сентябры  № 19/137

 

Миң Булак айыл аймагынын Өрнөк айылындагы 4-05-17-1003-0108 идентификациялык кодундагы Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинин жер аянтын 2 (эки) участоко бөлүү жөнүндө.

           Миң Булак айыл аймагынын Өрнөк айылындагы 4-05-17-1003-0108 идентификациялык кодундагы Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинин жер аянтын 2 (эки) участоко бөлүү боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 30.08.2024-жылдын №02,2-4/376 кайрылуусу жер участогун бөлүүгө макулдук берүү боюнча өзгорүүлорүн карап чыгып, жана талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊеши  токтом кылат;

1.Миң Булак айыл аймагынын Өрнөк айылындагы 4-05-17-1003-0108 идентификациялык кодундагы Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинин жер аянтын Бала-бакча курууга кошумча жер аянтынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдетендирилсин.

3. Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын

Төрага

А.Жамангулов