Редакцияот 11.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

I-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2025-жылдын  11  январындагы    № 2                              

 

Алтын-Арашан айыл аймагынын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын

фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптардын

жобосун бекитүү  жөнүндө

 

       Алтын-Арашан жергиликтүү кенеш Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу Архитектура курулуш жана турак-жай  коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 20-декабрь №388/1 буйругун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат: 

 

       1. Алтын-Арашан айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануунун калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптары жобого ылайык  бекитилсин.  (тиркеме )

     2. Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жобого ылайык иш алып баруу жагы  милдеттендирилсин.

      3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Төрага                                                                                                   А. Токомбаев